Бишкек, 02.02.26 /Кабар/. Бишкекте коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган материалдарды таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-январда Instagram тармагындагы "meder.tagaibekovich" деп аталган баракчадан бийлик органдарын сынга алган жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган билдирүүлөр аныталган.
Билдирүүлөрдүн алдында автомектептердин жабылышына байланыштуу баш аламандыкка чакырган комментарийлер жазылган.
Бул факты боюнча "Массалык баш аламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зордук-зомбулукка чакырыктар" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1994-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалган жаран "Айдоочуларды даярдоо борбору" ЖЧКсынын жетекчиси экени белгиленди. Учурда тийиштүү текшерүү жана тергөө иштери улантылууда.