Бишкекте билим берүү кызматкерлерине коррупцияга жол бербөө эскертилди

982 30 Январь 2025 13:46
cbe995f4-e4e8-4a91-83e0-087d2da2f744.jpg
475547158_1041995137974230_5968253864553665257_n.jpg
474087022_1041994681307609_6461274323424266826_n.jpg
475515519_1041995034640907_2909618452080471211_n.jpg
475522795_1041994987974245_3212732758465286367_n.jpg
475674978_1041994724640938_7377048441457029551_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин жетекчилеринин тарбия иштери боюнча орун басарларынын жана айрым студенттердин катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешмеге кээ бир окуу жайлардын жетекчилери онлайн форматта катышты.

Министрдин орун басары “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын ченемдерине ылайык, 2025-2026-жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин төмөндөтүүнү көздөп жатканын билдирип, кеңешменин катышуучуларын коррупциялык элементтер менен бирге күрөшүүгө, окуу жайларда жемкорлукка жол бербөөгө, таза жана адилеттүү иштөөгө чакырды.

Кеңешменин жүрүшүндө Расул Абазбек уулу окуу жайлардын жооптуу кызматкерлерине ыкчам маалымат алмашуу, кызматташуу жана профилактикалык иштерди, тренинг, лекцияларды системалуу түрдө өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.