Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Коргоо министрлигинде жетекчи курамдын катышуусунда өтүп жаткан оперативдик жыйындын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча окуу өттү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун министрдин орун басары Алмазбек Кулмурзаевдин жетекчилигинде өткөн сабактарды Башкы прокуратуранын өкүлдөрү өтүштү.
Анда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо жана мындай укук бузууларга жол берген кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги тууралуу маселелер каралды.
Белгилей кетсек, Коргоо министрлигинин жетекчи курамы менен өткөрүлүп жаткан оперативдик жыйын 16-ноябрда башталган.