Бишкекте 20дан ашык алдамчылыкка шектелген аялга электрондук билерик тагылды

Укук тартиби Загрузка... 25 Март 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.53.40.jpeg
copyright icon Бишкек ШИИББ

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-февралда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Т. А. аттуу жаран кайрылып, “М.” аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган.

Арыз ээсинин айтымында, 12-январда аталган жаран ишенимге кирип, 8 даана тигүү машинаны жеткирип берүү шылтоосу менен алдап 319 миң сом акча каражатын алып, изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан 38 жаштагы М. Т. аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө учурунда шектүүнүн дагы 20дан ашык алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Анын карамагында жашы жете элек баласы болгондуктан, бөгөт коюу чарасы катары электрондук көзөмөл (билерик тагуу) тандалды.

Учурда тергөө уланууда.

Милиция эгерде бул жарандан жабыркаган же ушуга окшош алдамчылык фактыларынын курмандыгы болсо, тез арада ички иштер органдарына кайрылып, 102 кыска номери аркылуу кабарлоо зарыл экендигин белгиледи.