Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Бишкекте “Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалы өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, эки күнгө созулган кароо-сынак фестивалы 13-апрелде К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында башталган. Андан жолдомо алган командалар 14-апрелде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өз өнөрлөрүн тартуулап, жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктардын тастыктамасы тапшырылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, проректорлору ошондой эле студенттер катышты.
Кароо-сынак фестивалы вокалдык искусство, автордук ырлар, фольклор, инструменталдык искусство, хореография багытында өттү.
Жыйынтыгында “Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалынын калыстар тобунун чечими менен сыйлыктардын ээси болуп төмөндөгүлөр табылды:
1-орун - I даражадагы тастыктама И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 300 000 сом акчалай сыйлык;
2-орун - II даражадагы тастыктама Кыргыз-Түрк “Манас” университети – 200 000 сом акчалай сыйлык;
3-орун - III даражадагы тастыктама И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 100 000 сом акчалай сыйлык;
4-орун - IV даражадагы тастыктама Ош мамлекеттик университети – 75 000 сом акчалай сыйлык;
5-орун V даражадагы тастыктама С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети – 75 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Номинациялар:
- Мыкты бий: И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
- Мыкты инструменталдык аткаруучу: К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.
- Мыкты фольклор: К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.
- Мыкты вокал: Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.
- Мыкты автордук чыгарма: Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.
Белгилей кетсек, сынакка өлкөнүн 24 жогорку окуу жайынан жалпы 104 команда катышты.
Маалымат үчүн: Бул фестиваль алгачкы жолу 1966-жылы өткөрүлүп, Кыргызстандагы музыкалык маданияттын ажырагыс салтына айланган. Ушул жылы фестиваль заманбап форматта кайра жанданып, жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана улуттук маданий мурасты сактап-жайылтууга багытталган. 2017-жылдан берки узак тыныгуудан кийин бул жаркыраган маданий майрам таланттуу жаштарды кайрадан бириктирди.