Бишкекте абаны булгаган унаа ээлерине айып салынууда

Укук тартиби 09 Март 2026 17:35
649556284_918184477501349_1075466477446290167_n.jpg
649527642_918184677501329_3455371580879865222_n.jpg
649613859_918184704167993_8741038759546394204_n.jpg
649615968_918184470834683_404925948429747_n.jpg
649619938_918184664167997_6849765065718437946_n.jpg
649630055_918184507501346_6034938824617636740_n.jpg
649672896_918184620834668_6298838043235281122_n.jpg
649697058_918184520834678_2977689177008919816_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду.

Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50 пайыздан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 234-беренеси менен эки протокол түзүлдү. Айып пулдун жалпы суммасы 15 миң сомду түздү.

Экологдор абанын сапатын жакшыртуу максатында мындай текшерүүлөр Бишкек шаарында туруктуу негизде өткөрүлүп турарын эскертет.