Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндө мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда чынар дарагынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан жазгы өнөктүк башталгандан бери борбор калаада 6 миңге жакын жаңы дарак-бадал отургузулду. Ал эми былтыр отургузулган көчөттөрдүн 86%ы жакшы өсүп кеткен.
Калаа жетекчиси жаш көчөттөрдү сугаруу жана кам көрүү ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.
"Жашыл көчөттөргө сапаттуу кам көрүү болгондо гана биздин аракеттерибиз натыйжалуу болот", - деди ал.
Мэриядан белгилешкендей, учурда "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигинде 93 миң көчөт бар. Алардын ичинен 20 миң көчөт шаар аймагына отургузулат, калганы питомникте өстүрүлөт.