Бишкекте 54 өспүрүм чоңдордун коштоосу жок жүргөнү аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 28 Февраль 2026 15:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы укук коргоо органдары менен биргеликте түнкү убакта чоңдордун коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча кезектеги рейд өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда өткөн иш-чаранын алкагында саат 22:00дөн кийин көчөдө жүргөн 54 жашы жете элек бала аныкталды. Алардын ичинен 18и жарамазан айтып жүрсө, 36сы кароосуз жүргөн.

Рейддин жыйынтыгында:

  • 10 өспүрүм ички иштер бөлүмүнө жана Балдарды коргоо борборуна жеткирилди;
  • Калган балдар түшүндүрүү иштеринен кийин ата-энелерине тапшырылды;
  • Ата-энелерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 30 протокол түзүлдү.

Ошондой эле кафе-ресторандардын жетекчилигине жашы жете электерди түнкүсүн чоңдорсуз киргизбөө боюнча эскертүүлөр берилди. Мэрия ата-энелерди балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырат.