Бишкек, 01.03.26 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик көзөмөлдүн алкагында тыюу салынган электрондук тамекилерди саткан жашыруун жайды аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы турак үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө жайгашкан. Текшерүү учурунда бул ишмердүүлүктү Э.Д.Ж. аттуу жаран уюштуруп келгени такталды.
Белгиленгендей, продукциялар алдын ала түзүлгөн схема боюнча курьердик жана такси кызматтары аркылуу гана жеткирилип турган. Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашык болгон 3 миң даанадан ашык электрондук тамеки убактылуу тартып алынды.
Учурда топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, Кыргызстанда никотин жеткирүүчү электрондук буюмдарды сатууга жана колдонууга мыйзам тарабынан тыюу салынган.