Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №1361 шайлоо участогунун имаратын жана ага чектеш аймакты иретке келтирүүнү тапшырды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Гагарин көчөсү 2/6 дарегиндеги заводдун клубунда жайгашкан шайлоо участогунун абалы менен таанышып, имараттын фасадын оңдоп, айланасын көрктөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ал белгиленген талаптарды аткаруу үчүн эскиздик долбоорлорду иштеп чыгып, иштерди баштоону тапшырды. Эгер иштер алдыга жылбаса, муниципалитет тиешелүү чараларды көрөрүн эскертти.
Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында аталган объект Свердлов районунун аймагына карайт.