Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бишкекте 1-марттан тартып ысык суунун тарифи өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул өзгөртүүлөр Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин 2026-жылдын 10-мартындагы буйругу менен бекитилген.
Ага ылайык, 1-марттан тартып (салыктарды эсепке албаганда) ысык сууга жаңы тариф белгиленди. Ал эми жылуулукка болгон тариф өзгөрүүсүз калды.
Жаңы тариф көрсөтүлгөн күндөн тартып ысык суу үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө колдонулат. Коммуналдык кызматтарга кеткен чыгымдарды пландаштырууда шаар тургундары ушул өзгөртүүнү эске алуусу керектиги айтылды.
I топ – калк үчүн:
- эсептөө приборлору боюнча: 141,89 сом/м³;
- керектөөчү ченемдери боюнча (норма): 681,08 сом/айына (бир адамга);
- жылуулук энергиясы үчүн: 1950 сом/Гкал.
II топ – өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөргө:
- эсептөө приборлору боюнча: 328,11 сом/м³;
- жылуулук энергиясы үчүн 5998,17 сом/Гкал.
Бардык тарифтер салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.