2050-жылга чейин Бишкектин жаңы башкы планынын долбоорунда шаардын борбордук бөлүгүнө түшкөн жүктү азайтуучу төрт райондук борборду түзүү каралган. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Курулуш жана архитектура министрлигине караштуу Бишкек шаардык курулуш жана архитектура боюнча башкы башкармалыктын башчысынын орун басары Азирет Акимов билдирди.

Анын айтымында, бул концепциянын аркасында тургундарга шаардын борборуна баруунун кажети жок болот. Анткени, бардык зарыл болгон мекемелер - мектептер, бала бакчалар, ооруканалар жана башка социалдык мекемелер ар бир райондун борборунда жайгашкан болот. Алардын баарына 15 мүнөт жөө басып жетүүгө болот, бул "15 мүнөттүк шаар" концепциясына дал келет.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында Бишкекти Токмок жана Кара-Балта шаарлары менен байланыштырган жогорку ылдамдыктагы шаар четиндеги поезд каттамын ишке киргизүү каралган.
"Шаардын айрым функцияларын коңшу конуштарга өткөрүп берүү пландаштырылууда. Ошондо адамдар Бишкекке көчүп барбай эле, жашаган жеринин жанында иштей алышат. Азыр көпчүлүк бул жакка келүүгө аракет кылып жатат, бул ашыкча жүктөмдү жаратууда”, - деди ал.

Жаңы башкы план шаардын пландуу өнүгүүсүн да карайт жана башаламан өнүгүүнү жокко чыгарат. Жеке турак жайлардын көзөмөлсүз өсүшүнүн ордуна, көп батирлүү комплекстерди жана коомдук жайларды өнүктүрүү сунушталууда.
Азирет Акимов башкы пландын транспорт бөлүгүндө Киев көчөсүн жөө жүргүнчүлөр зонасына айландыруу идеясы сакталып калганын кошумчалады. Ошол эле учурда, анын боюнда муниципалдык транспорт үчүн атайын тилке өтөт, ошондой эле велосипед жолу жана трамвай линиясы курулат.
Трамвай каттамы Киев, Абдрахманов жана Тыналиев көчөлөрү боюнча айланма жол менен жүрүү пландалууда. Линияларды шаардын четине чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле, ал акыркы жылдары Бишкекте курулуш иштери бир топ көбөйгөнүн белгиледи. Бул жагынан алганда, шаар 2 миллионго чейинки калкты ыңгайлуу түрдө тейлөөгө жөндөмдүү экенин көрсөткөн талдоо жүргүзүлдү. Ошондуктан, билим берүү жана өндүрүштүк функцияларды кошо алганда, айрым функцияларды шаардын сыртына көчүрүү сунушталууда. Мисалы, университеттин кампустары шаар четиндеги аймактарда жайгашышы керек.
“Мурунку башкы пландан айырмаланып, жаңы документ жапырт турак жай курулушуна гана багытталган эмес. Турак жай фондунун ашыкча кеңейиши жол тыгынынын көбөйүшүнө, экологиялык көйгөйлөргө жана социалдык объектилердин жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Бишкектин коммуналдык тармактары болжол менен 90% кубаттуулукта иштеп жатат. Ошондуктан жаңы башкы планда шаардын реалдуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынып, туруктуу өнүгүүгө, транспорт системасын жакшыртууга жана экологиялык кырдаалды жакшыртууга басым жасалат”, - деп жыйынтыктады Азирет Акимов.