Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна көчөттөр отургузулду

Коом 15 Февраль 2025 13:07
480049282_1026355402870519_7159775651494572064_n.jpg
480501892_1026355866203806_4459381949617045565_n.jpg
480144543_1026355229537203_6582151185968578713_n.jpg
480149150_1026355289537197_8765577385396827994_n.jpg
480161783_1026355869537139_560985538056267417_n.jpg
480188287_1026355569537169_7945164430658503069_n.jpg
480258556_1026355216203871_8257460353689894626_n.jpg
480264440_1026355372870522_1721126193976886576_n.jpg
480310628_1026355579537168_7303465740994685322_n.jpg
480424693_1026380759534650_8088546234120733919_n.jpg
480446275_1026355896203803_6856733845459281094_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.02.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү ишембилиги өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде куткаруучулар, токойчулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Жашыл мурас" улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында ийне жалбырактуу дарактары отургузушту. Ишембиликте 2 миң түп тянь-шань карагайын отургузуу пландалган.

Ишембилик Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматы, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулууда.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-январында аталган иш-чаранын алкагында 500 түп ийне жалбырактуу тянь-шань карагайы отургузулуп, экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

Өнөктөштүктүн негизги максаты — аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле жол аймактарындагы жашылдандыруу иштерин күчөтүү.

Бул жылы Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолунун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу каралган.