Бишкек мэриясынын 4-башкармалыгынын башчысы кармалды

Укук тартиби 17 июль 2025 09:04
518388504_1584795162479486_4915403418219884449_n.jpg
518611289_1584795135812822_2254809866251551288_n.jpg
518992312_1584795142479488_842446728686430032_n.jpg
519090367_1584795199146149_8414844057523073323_n.jpg
519413549_1584795109146158_4578955779448256214_n.jpg
520168701_1584795155812820_2932829374062596979_n.jpg
520229856_1584795189146150_7086421348550495697_n.jpg
520232239_1584795102479492_395314506061162114_n.jpg
520953394_1584795182479484_2282258204997103239_n.jpg
Алдыга
Артка
518388504_1584795162479486_4915403418219884449_n.jpg
518611289_1584795135812822_2254809866251551288_n.jpg
518992312_1584795142479488_842446728686430032_n.jpg
519090367_1584795199146149_8414844057523073323_n.jpg
519413549_1584795109146158_4578955779448256214_n.jpg
520168701_1584795155812820_2932829374062596979_n.jpg
520229856_1584795189146150_7086421348550495697_n.jpg
520232239_1584795102479492_395314506061162114_n.jpg
520953394_1584795182479484_2282258204997103239_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын 4-башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Пригородная айыл аймагындагы сейил бакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүндө коррупциялык компоненттердин бар экендиги боюнча айрым фактылардын негизинде жеринде текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын 4-башкармалыгынын (мурда Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти деп аталган) жетекчиси Ш.Б.К. кармалган.

Тактап айтканда, Ш.Б.К. Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагынын башчысы болуп турганда (Бишкек шаарынын Биринчи май районуна административдик-аймактык бөлүнүүнүн алкагында кошулганга чейин) кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көмүскө киреше алуу максатында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруунун, тендердик сатып алууларды (анын ичинде жалган сатып алууларды) жүргүзүүдө жалган компанияларды тартуу менен туруктуу коррупциялык механизмдерди уюштургандыгы аныкталган.

Алсак, 2022-жылы Пригородное айылынын сейил багын көрктөндүрүү боюнча 2 млн сомдон ашык суммага жасалма тендер өткөрүлүп, Ш.Б.К.нын көзөмөлүндөгү компанияга ыйгарылган. Мында көрсөтүлгөн сумма бюджеттен чыгарылып, Ш.Б.К. ыйгарган компания тарабынан паркты көрктөндүрүү боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес).

Ошону менен бирге 2021-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде Ш.Б.К. аталган сейил бакты көрктөндүрүү боюнча ар бири 2 млн сомдон ашык суммадан турган үч тендердик сатып алууларды жүргүзгөн, бирок акча каражаттары Ш.Б.К. тарабынан чыгарылып, ыйгарылган.

Ошондой эле жети тендердик сатып алуулар аныкталып, алар Ш.Б.К.нын аффилирленген компанияларына берилип, "откат" алынган.

Белгилей кетсек, Ш.Б.К. жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык механизмдерге түздөн-түз тиешеси бар, анткени ал 2024-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын жогорку кызмат ордуна Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин (бардык муниципалдык мүлк үчүн жооптуу бөлүм) башчысы дайындалган.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен Ш.Б.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иштери боюнча тергөө иштери улантылып, тиешелүү иш-чаралар уюштурулуп, кошумча фактылар жана башка тиешеси бар адамдар аныкталууда.