Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Бишкек мэриясы өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен автобус кырсыгы боюнча маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-августта болжол менен саат 9:00дө Бишкектин Ю. Фучик көчөсүндө жол кырсыгы катталды. №153 каттамдагы 01KG937AZ мамлекеттик номерлүү "Isuzu Citiport" автобусунун айдоочусу Ю. Фучик көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, "Аска-Таш" комплексине жетпей, чыгыштан батышты көздөй жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан болжол менен 15–16 жаштагы эки өспүрүм кызды сүзүп кеткен. Андан соң автобусту токтоткон.
Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жаракат алган өспүрүмдөр №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүмдөр эч кандай оор жаракат алышкан эмес.
Бул жол кырсыгы Бишкек шаары боюнча ЖККБ жана камсыздандыруу компаниясында катталган.
Учурда кырсыктын себеби жана жагдайлары аныкталууда. Тиешелүү тергөө чаралары жүрүп жатат.