Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн шаар тургундары мэриянын коомдук кабылдамасына кайрылышы керек.
Муниципалитеттен билдиришкендей, кабылдама Чүй проспектиси 360 дарегинде, 117-кабинетте жайгашкан.
Жарандар кайрылуусунун мазмунун кыскача баяндаган жазуу жүзүндөгү арыз калтырышы зарыл. Кабыл алууга 2-3 күн калганда жолугушуунун күнү жана убактысы билдирилет.
Кошумча маалыматты 0312-97-91-95 телефону аркылуу (ички номерлери: 4238, 4237, 0508) алууга болот.
Ал эми мэрдин орун басарларынын кабыл алуусуна жазылуу үчүн тиешелүү кабылдамаларга кайрылуу керек. Алардын ички номерлери:
- экономика жана финансы маселелери боюнча – 1902;
- социалдык маселелер боюнча – 1903;
- турак жай-коммуналдык чарба, транспорт жана жол маселелери боюнча – 1901;
- жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча – 1903;
- отун-энергетика комплекси боюнча – 1904.
Мындан тышкары, мэриянын 610705 ишеним телефону да иштейт.