Бишкек электр тармактар ишканасында бюджеттик каражаттар уурдалган – ИИМ

Укук тартиби 29 апрель 2026 11:40
1.jpg
681969439_1363243245824673_62286675112861246_n.jpg
682803554_1363243042491360_4930661705727763565_n.jpg
683211879_1363243112491353_4470424062478508030_n.jpg
683359601_1363243039158027_3583672156638625531_n.jpg
683512154_1363243129158018_2957626207744073045_n.jpg
683762100_1363243132491351_497649483282436964_n.jpg
684718674_1363243225824675_5471964473581816449_n.jpg
684750386_1363243232491341_6117064882702087848_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. "Бишкек электр тармактар" ишканасында мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схема аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ишкананын директору А.М., башкы бухгалтер Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. 2023-жылдан 2026-жылдын мартына чейин өз ара сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Шектүүлөр жасалма ведомостторду түзүп, ишкананын акчасын "айлык акы" катары бухгалтердин орун басары Д.Ш.нын банктык эсебине которуп турушкан. Кийин ал каражаттар накталай чыгарылып, катышуучулар ортосунда бөлүштүрүлүп келген. Жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам иш-чаралардын алкагында жогоруда аты аталган кызматкерлер кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Учурда келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.