Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. 18-майдан 24-майга чейин өлкө аймагында 27 миң 109 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 495;
- мас абалында унаа башкаруу — 310;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 250;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар — 2 112;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 240;
- автоээнбаштык — 30;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 267;
- жасалма мамлекеттик номур менен унаа башкаруу — 5;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 7 829.
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 6 миң 571 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.