Өлкөдө бир жумада 353 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби Загрузка... 11 Август 2025 11:11
WhatsApp Image 2025-07-22 at 15.43.31 (1).jpeg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Өлкө аймагында 4-августтан 10-августка чейин   23 миң 234 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 938;
  • Мас абалында унаа башкаруу - 353;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 165;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1090;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4187;
  • Авто ээнбаштык - 110;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3481;
  • Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 16 495;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2403  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.