Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Бир жолу кан тапшыруу үч адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Республикалык кан борборунун директорунун орун басары Айгүл Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, 18 жаштан 60 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок жана салмагы 50 килограммдан жогору болгон жарандар кан донору боло алышат.
“Кан тапшырууга чейин донорлор белгилүү талаптарды сактоосу зарыл. Тактап айтканда, кан тапшырууга чейин майлуу тамактарды жана сүт азыктарын колдонбоо керек. Ошондой эле бир сутка мурда алкоголдук ичимдиктерди ичпөө жана тамеки тартпоо зарыл. Ал эми кан тапшырууга келгенде жеңил тамактанып, жашылча-жемиштерди жеп келүү сунушталат. Бирок, банан жегенге болбойт”, - дейт Исмаилова.
Ал ошондой эле жарандарды талаптарды сактоо менен кан тапшырууга чакырды.
“Бир жолу кан тапшыруу менен сиз үч адамдын өмүрүн сактап калууга себепчи болосуз. Ошол себептүү сиздерди ыктыярдуу жана акысыз кан тапшырууга чакырам”, — деди борбордун директорунун орун басары.