Бишкек, 29.01.28. /Кабар/. Бир мектепти 20 жыл курган абалга жетип калганбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров “Беш жыл – жаңы доордун башаты” даректүү тасмасында айткан.
Анын айтымында, 1990-жылдан 2000-жылга чейин мамлекеттин каражаты айлык, жөлөк пулдарга араң жетчү.
“Президенттер жалаң грант, кредит сурап эле чет мамлекетти карап калышкан. Эгерде жалпы бюджетти карай турган болсок, 1990-жылдан 2000-жылга чейин эптеп-септемей, эптеп айлык, жөлөк пулдарды берип, тышкы карызды төлөп, андан калып калган каражатка мектеп же башка нерсе куруу каралган. Бир мектепти 10-20 жыл куруп калганбыз да”, - деди ал.