Бир аптада дээрлик 31 миң жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби Загрузка... 02 Март 2026 10:50
02a30000-0aff-0242-ed26-08da297d031c_cx0_cy10_cw0_w1080_h608_s.jpg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. 23-февралдан 1-мартка чейин өлкө аймагында 30 миң 952 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Аныкталган эреже бузуулардын ичинен эң көбү төмөнкүлөр:

  • 15 002 — башка жол эрежелерин бузуу фактылары;
  • 4 819 — транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу;
  • 3 149 — тийиштүү документтери жок унаа башкаруу;
  • 3 146 — белгиленген ылдамдыктан ашуу;
  • 966 — жөө жүргүнчүлөр тарабынан жасалган эреже бузуулар;
  • 153 — унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу;
  • 114 — мас абалында унаа башкаруу;
  • 25 — авто ээнбаштык;
  • 11 — жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу.

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 567 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо этият болууга жана кыймылдын эрежелерин так сактоого чакырат.