Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. 9-февралдан 15-февралга чейин өлкө аймагында 26 миң 916 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 2 974;
-Мас абалында унаа башкаруу - 427;
-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -151;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 627;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 751;
-Авто ээнбаштык -22;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 629;
-Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 4;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 12 628;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 703 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.