Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Өлкө аймагында 14-июлдан 20-июлга чейин 22 миң 880 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 774;
-Мас абалында унаа башкаруу - 318;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 141;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 988;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4253;
-Авто ээнбаштык - 44;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3567;
-Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу - 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 12 789;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1986 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.