Бир аптада 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 28 Июль 2025 11:25
IMG_2295.JPG
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. 21-июлдан  27-июлга   чейин 20 миң 548 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 779;

-Мас абалында унаа башкаруу - 324;

-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 145;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 999;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 681;

-Авто ээнбаштык - 56;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 258;

-Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу - 7;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 588;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 711  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.