Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Президент, Жогорку Кеңеш жана министрлер кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Мамлекет башчысы парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө зарылдыгын белгиледи.
“Ошол эле учурда бийлик бутактарынын ортосунда пикирлердин айырмачылыгынын болушу — табигый көрүнүш. Талаш-тартыштар да болушу мүмкүн. Бирок, кандай гана маселе болбосун, анын өзөгүндө мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин жыргалчылыгы турушу керек. Элибиз бизден курулай убадаларды эмес, натыйжаны, туура чечимди, жоопкерчиликтүү ишти күтөт”, — деди президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров акыркы күндөрү өлкөнүн тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир катар ири эл аралык иш-чаралар өткөнүн белгиледи.
Анын айтымында, бул иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстан дүйнөлүк саясий, маданий жана спорттук коомчулуктун көңүл борборунда болду.
Президент өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн мындан ары да бекемдөө жана жетишилген жыйынтыктарды өнүктүрүү маанилүү экенин кошумчалады.