BIF: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланат

Экономика
BIF: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланат

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. 25-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган "Bishkek Investment Forum 2026" эл аралык инвестициялык форумуна миңден ашуун ишкер, инвестор, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине форумдун уюштуруу комитети билдирди.

Маалымдалгандай, быйыл форум "Борбор Азия 2030. Рыноктун мүмкүнчүлүктөрү" деген темада өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Азербайжан жана Европа өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышмакчы.

Иш-чаранын негизги темаларынын бири Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу болот. Катышуучулар долбоордун эл аралык соодага, логистикага жана ишкердикке тийгизе турган таасирин, ошондой эле кыргызстандык компаниялардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы рынокторго чыгуу маселелерин талкуулоосу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, инвестиция тартуу жана бизнести каржылоо, банктык насыялоо, инвестициялык фонддор жана үлүштүк каржылоо маселелерине көңүл бурулаары белгиленген.

Форумдун алкагында пленардык жыйындар, тематикалык бизнес-сессиялар, эксперттик баяндамалар, ишкерлер менен инвесторлордун жолугушуулары жана инвестициялык долбоорлордун бет ачарлары өтөт. Ошондой эле ишкерлер өз продукцияларын, кызматтарын жана инвестициялык долбоорлорун тааныштыра турган бизнес-көргөзмө да уюштурулаары кабарланды.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, 2015–2024-жылдары өткөрүлгөн "Bishkek Investment Forum" иш-чараларынын жыйынтыгында чакан жана орто бизнеске 286 млн доллардан ашык инвестиция тартылган. Бул мезгилде форумдарга жалпысынан 7 миң 700 адам катышып, 1 миң 194 инвестициялык долбоор сунушталган. Натыйжада 380 компания инвестиция алган.