Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Бүгүн кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн келечектеги кызматташтыгына негиз түзөт. Бул тууралуу Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан географиялык жактан алыс жайгашкандыгына карабастан, эки өлкөнүн артыкчылыктары окшош.
“Бул сапар эки өлкө ортосундагы мамилелерде жаңы этапты белгилейт жана Того өз ара пайдалуу жана бекем өнөктөштүккө кызыкдар.
Бүгүн биз кол койгон келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин келечектеги өнүгүүсүнө негиз түзгөн маанилүү тармактарды камтыйт.
Бул келишимдер чек эмес, биз үчүн бул башталышы гана. Эми биздин милдетибиз аларды тутумдуу жана ырааттуу түрдө ишке ашыруу”, - деди Тогонун өкмөт башчысы.
Белгилей кетсек, күн мурун Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Бул - Того лидеринин менен Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат. Жолугушуунун алкагында кызматташтыкты бекемдеген эки өлкөнүн ортосундагы 8 келишимге кол коюлду.