Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда кечинде Күндөгү ири жарылуудан улам Жерди магниттик бороон капташы мүмкүн. Бул бороон G3 деңгээлине жетиши күтүлүүдө.
ТАСС агенттиги маалымдагандай, буга чейин Күндө июнь айынын башынан берки эң кубаттуу жарылуу катталып, анын кубаты Х1.1 балына жеткени кабарланган.
Адистердин белгилешинче, жарылуунун күчү орточо болгонуна карабастан, учурда Күндүн активдүү борборлору дээрлик Күн – Жер багытынын түз сызыгында жайгашкандыктан, анын соккусу кыйла сезилерлик болот.
"Бул жолу эң жогорку деңгээлдеги радиациялык штормдор менен бороондор күтүлбөйт, ал тургай андан бир баскыч төмөн турган (G4) деңгээлине да жетиши күмөн. Бирок G3 категориясындагы бороон-чапкындын болушу толук ыктымал. Бул кубулуш үстүбүздөгү жылдын март айынан берки эң күчтүү магниттик бороон болуп калышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.