Бүгүн өлкө аймагында эки ирет жер титиреди

Кырсык Загрузка... 09 Март 2025 10:59
IMG_0292.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.25. /Кабар/. Бүгүн саат 05:21де жана 05:26да Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жердин силкинүү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5 чейин сезилген.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.