Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу берүү өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта Абдрахманов көчөсү, 97 жана Түгөлбай Ата көчөсү, 39 даректериндеги көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө эскирген түтүктөрдү пландуу алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат:
- Абдрахманов көчөсү, 97, 99, 101;
- Үсөнбаев көчөсү, 24;
- Бөкөнбаев көчөсү, 76, 78;
- Түгөлбай Ата көчөсү, 39.
Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.