Бүгүн Баткен облусунда 12 социалдык объект пайдаланууга берилди

Аймак 11 сентябрь 2026 11:20
804365041_1618589342967848_7508572735942958792_n.jpg
800924879_1618589572967825_4147477377038114153_n.jpg
801354713_1618589512967831_1342626896210827376_n.jpg
801429597_1618589532967829_4304346453799526759_n.jpg
802964705_1618589546301161_8233610286231233891_n.jpg
803103735_1873375200490533_5281135720034575603_n.jpg
803926280_1618589499634499_5704200237587115645_n.jpg
805218804_1618589356301180_4400212931570006194_n.jpg
805219321_1105269385362810_8774633195675757043_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунда 12 социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Объекттер Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча ачылган 105 социалдык жана өнөр жай объектисинин катарына кирет. Алар:

  1. Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектеп;
  2. Баткен районунун Самаркандек айылындагы "Бала Нур" балдар бакчасынын кошумча имараты;
  3. Кадамжай районунда "Ыйман" балдар бакчасы;
  4. Кадамжай шаарындагы бардык мезгил үчүн жабык спорттук суу бассейн;
  5. Кадамжай районунун Айырбаз айылындагы 500 орундуу мектеп;
  6. Лейлек районундагы "Ак-Шоола" мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
  7. Баткен шаарынын Аэропорт участкасындагы 225 орундуу мектеп;
  8. Баткен шаарындагы муниципалдык автобекет;
  9. Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында оорукананын кошумча имараты;
  10. Кызыл-Кыя шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты;
  11. Сүлүктү шаарындагы "Белес Резорт" эс алуу комплекси;
  12. Лейлек районунун Ак-Арык айылындагы 120 орундуу бала бакча.