Берлинде 90 жаштагы пенсионер айым лотереядан 1,5 млн евро утуп алды

Дүйнө Загрузка... 25 Март 2026 09:05
6b0ebae5-9a5f-42b7-b796-8afb12196ff3.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Германиянын Берлин шаарында 90 жаштагы пенсионер айым лотереядан 1,5 миллион евро утуп алды. Бул тууралуу Deutsche Welle кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, ал 2019-жылдан бери лотереяга үзгүлтүксүз катышып келген. Жыйынтыгында пенсионер социалдык лотереянын эң жогорку байгесине ээ болгон.

Германиядагы бул лотереянын өзгөчөлүгү — утуштарды берүү менен катар эле социалдык долбоорлорду да каржылайт. Каражаттар пенсионерлерге, жаштарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга багытталган демилгелерге жумшалат.

Мисалы, мурунку жылдары өлкө боюнча 400гө жакын социалдык долбоорго жалпы 70 миллион евро бөлүнгөн.

Немис басылмалары бул окуяны “сенсация” деп аташууда.

Белгилүү болгондой, пенсионер айым утуш тууралуу кабарды өзүнүн 90 жылдык мааракесинен кийин уккан.