Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Берлин-Бранденбург аэропортунда 18-мартка белгиленген иш таштоого байланыштуу бардык каттамдар токтотулду. Бул тууралуу Deutsche Welle маалымдайт.
Маалыматка ылайык, жалпы 445 каттам жокко чыгарылып, болжол менен 57 миң жүргүнчү уча албай калды. Жүргүнчүлөргө билет маселеси боюнча өз авиакомпанияларына кайрылып, башка жолдорду карап чыгуу сунушталууда.
Иш таштоону Ver.di (ири кесиптик бирликтер) уюштурган. Алар аэропорттун 2 миңге жакын кызматкерин бир күндүк эскертүү акциясына чыгууга чакырган. Кесиптик бирликтер кызматкерлердин айлыгын кеминде 6% көбөйтүүнү же айына 250 евро кошуп берүүнү талап кылууда. Бирок аэропорттун жетекчилиги бул сунуштарды колдогон эмес.
Акыркы сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөр айлыкты этап-этабы менен, 2028-жылдын аягына чейин көбөйтүүнү сунуштаган. Бирок бул жылына орточо 1% гана өсүш берет деп эсептелүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Lufthansa компаниясындагы иш таштоо да Германия боюнча каттамдардын токтошуна алып келген.