Беларустун президенти 18 соттолгон адамга ырайым берди

Дүйнө Загрузка... 06 Март 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-03-06 at 08.46.29.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Беларустун президенти Александр Лукашенко 18 соттолгон адамга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, алардын ичинде экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгон 15 адам бар. Ырайым берилгендердин 11и — аялдар. Алардын ичинен алтоосунун балдары бар, анын ичинде майыптыгы бар жана туруктуу медициналык реабилитацияга муктаж балдардын энелери да кездешет.

Ошондой эле эки үй-бүлөлүк жуп, кош бойлуу бир аял жана 16 жашында мыйзам бузган бир жаран ырайымга ээ болгон.

Ырайым берилгендердин бардыгы өз күнөөсүн моюнга алып, жасаган иштери үчүн өкүнөрүн билдиришкен. Ошондой эле алар мындан ары мыйзамды сактап жашоого убада беришкен.