Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Британиялык BBC телерадиокорпорациясы чыгымдарды азайтуу максатында болжол менен 2 миң кызматкерди жумуштан кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу Известия билдирет.
Маалыматка ылайык, бул акыркы 15 жылдагы эң ири кадрдык кыскартуу болуп саналат. Кызматкерлерге бул чечим жалпы жыйында кабарланган, бирок кайсы кызматтар кыскартылары азырынча айтыла элек.
Кыскартуу корпорациянын чыгымдарын кийинки үч жыл ичинде 10% га кыскартуу планынын алкагында жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, мындай тенденция башка тармактарда да байкалууда. 2-апрелде Bloomberg агенттиги АКШдагы IT-компанияларда жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу кызматкерлердин саны кыскарып жатканын жазган. Анын ичинде Meta, Oracle жана Block Inc сыяктуу ири компаниялар ресурстарын жасалма интеллектке багыттоо үчүн штаттарын оптималдаштырууда.
Ошол эле учурда, адистер жумуштан бошотуулардын деңгээли азырынча жогору эмес экенин белгилешет.