Бажы кызматы: Кымбат баалуу унаалар жасалма кагаздар менен катталганы аныкталды

Укук тартиби 1 октябрь 2025 14:55
557452932_1248299984009165_6863838363458149095_n.jpg
556237489_1248300110675819_8599519262731512111_n.jpg
555997603_1248300024009161_3145581540101205845_n.jpg
Алдыга
Артка
557452932_1248299984009165_6863838363458149095_n.jpg
556237489_1248300110675819_8599519262731512111_n.jpg
555997603_1248300024009161_3145581540101205845_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бажы кызматы

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. «Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жасалма документтер менен катталган кымбат баалуу унаалар аныкталды.

Ведомстводон билдиришкендей, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикте төмөнкү унаалар каттоого алынганы маалым болду:

  • 2008-жылы чыгарылган Lexus GX 470;
  • 2008-жылы чыгарылган Toyota Sequoia;
  • 2014-жылы чыгарылган Lexus GX 460;
  • 2019-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser.

Бул унаалар Беларусь Республикасында берилген каттоо күбөлүктөрүнүн негизинде катталган. Бирок Беларусиянын Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматына ылайык, аталган автоунааларга карата бул өлкөдө бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөн эмес жана алардын Мамлекеттик автоинспекцияда каттоосу жок экени аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаалар жасалма документтер менен катталганын тастыктаган фактылар ачыкка чыгып, алар ЕАЭБ Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык кармалды. Учурда унаалар тиешелүү протоколдор менен убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырылды.

Мамлекетке келтирилген зыян 8 миллион 289 миң 227 сомду түзгөн. Бул факты боюнча материалдар КБР МКЖ АДСке катталып, Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Азыркы убакта Тергөө башкармалыгы тарабынан 5 миллион 974 миң 220 сом өндүрүлгөнү маалымдалды.