Базар-Коргондо тергөөчүгө 100 миң сом пара сунуштаган жаран кармалды

Укук тартиби 1340 22 Январь 2026 18:08
616383789_1283971143751884_731383857080459744_n.jpg
616371406_1283971147085217_4457669991000050278_n.jpg
Алдыга
Артка
616383789_1283971143751884_731383857080459744_n.jpg
616371406_1283971147085217_4457669991000050278_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Базар-Коргондо милиция кзматкерине 100 миң сом пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө турган материал боюнча кылмыш жоопкерчилигинен кутулууну көздөгөн С.И. аттуу жаран кылмыш ишин козгобоо үчүн тергөөчүгө пара сунуштап, мыйзамсыз таасир этүүгө аракет кылган.

Аталган факты боюнча "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Базар-Коргон РИИБинин Тергөө кызматынын кызматтык бөлмөсүндө 1973-жылы туулган С.И. пара катары 100 миң сом берип жаткан жеринен кармалган.

Кармалган жаран шектүү катары суракка алынып, мыйзамда белгиленген тартипте убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул факты боюнча зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.