Базар-Коргондо мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби Загрузка... 02 Октябрь 2025 11:50
Жети-Кошкон.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Базар-Коргондо мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2021–2022-жылдары Базар-Коргон айыл өкмөтү тарабынан жарандарга турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзам бузуу жолу менен берилгендиги аныкталды.

Прокурордук чаралардын жыйынтыгында Базар-Коргон шаарынын Жети-Кошкон айылынын Актайлак-Ата участкасында жайгашкан ар бири 0,06 гектардан турган 123 жер тилкеси, жалпы аянты 7,38 гектар жана наркы 161 млн 622 миң сомду түзгөн жер тилкелери Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.