Базар-Коргондо 12 жаран диний-экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты

Укук тартиби 6 август 2025 14:50
528291404_1600613780897624_1484639821008159123_n.jpg
528086707_1600613787564290_4892047644571237020_n.jpg
529262811_1600613814230954_8770907318414042656_n.jpg
Алдыга
Артка
528291404_1600613780897624_1484639821008159123_n.jpg
528086707_1600613787564290_4892047644571237020_n.jpg
529262811_1600613814230954_8770907318414042656_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Базар-Коргондо "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун буга чейин соттолгон мүчөлөрү жума намаз учурунда экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, 1-августта Арстанбап айылынын борбордук мечитинде жума намаздан кийин мурда соттолгон аталган ДЭУнун 12 жактоочусу өздөрү тандап алган диний агымдардын туура эместигин моюндап, деструктивдүү идеяларынан баш тартышты. Ошондой эле алар жарандарды "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" жана башка диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар мурда өздөрүн "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" ДЭУнун мүчөлөрү катары тааныштырып, жергиликтүү тургундардын арасынан жаңы тарапташтарды тартууну көздөп, экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында Арстанбап айылында жума сайын жашыруун түрдө диний сабактарды (дарстарды) өткөрүп келишкен.

Алар ушул жылдын январь айында жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын натыйжасында кармалып, 2025-жылдын апрель айында аларга карата соттук айыптоо өкүмү менен айып пул салынган.

УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.