Баткендеги ооруканада жаңы медициналык аппараттын жардамы менен операция жасалууда

966 24 Январь 2025 14:42
474665186_1151475926345861_4800636216411367624_n.jpg
474622388_1151475803012540_7958263490212566292_n.jpg
475031491_1151475923012528_5696053095471887980_n.jpg
474622574_1151476066345847_862443836812825387_n.jpg
474695966_1151476063012514_7105079125443599348_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунда лапароскопиялык аппараттын жардамы менен бейтаптарга операция жасалууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, заманбап медициналык жабдуу Япония элчилиги тарабынан 89 667 АКШ долларына сатылып алынган.

Жаш дарыгер Абдыкалык Маматовдун айтымында, лапароскопиялык аппарат менен акыркы алты айда 60дан ашуун операция ийгиликтүү жасалды.

Медицина кызматкерлери белгилешкендей, аталган жабдуу бейтаптын денесин кеспей туруп, ички органдарына кичинекей тешик аркылуу оптикалык аспаптын жардамы менен операция жасоого мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде бейтаптын тез калыбына келишине өбөлгө түзөт.