Баткендеги Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун техникалык базасы жакшыртылды

989 24 Январь 2025 12:45
474606161_1151424519684335_5269457049617474195_n.jpg
474734552_1151425153017605_6971107792350358259_n.jpg
475057859_1151425069684280_188649345621582891_n.jpg
474618990_1151425066350947_5641957155493692011_n.jpg
474933499_1151425063017614_3150388037006234091_n.jpg
474616060_1151424973017623_4318754615560426926_n.jpg
474069622_1151424966350957_8094172880785717202_n.jpg
474697111_1151424936350960_6670392754110094197_n.jpg
474776090_1151424799684307_5726505800666770220_n.jpg
474739533_1151424796350974_7061027041027515132_n.jpg
474625092_1151424759684311_4890682417848423868_n.jpg
474571031_1151424646350989_2535203884808027106_n.jpg
474592454_1151424643017656_6584567733026762648_n.jpg
474620386_1151424633017657_2641541990769128327_n.jpg
474620362_1151424526351001_5215903707385201460_n.jpg
474991098_1151424523017668_319803640455224733_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун техникалык базасы жакшыртылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, оорукананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ошондой эле бейөкмөт уюмдар менен демөөрчүлөр да колдоо көрсөтүштү.

Жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү шарттарын түзүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасы (ПРООН) тарабынан 6 млн сомго көчмө жана стационардык санарип рентген аппараты алынды. Баткен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жандандыруу бөлүмү 4 млн сомдук медициналык жабдуулар, операциялык блок керектүү шаймандар менен камсыздалды. Ошондой эле жылытуу системасы борборлоштурулуп, имараттын чатыры алмаштырылды.

Ал эми Япония элчилиги тарабынан 89 667 долларга лапороскопия аппараты алынды. Ымыркайлар үчүн 590 миң сомдук инкубатор, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 2 даана жасалма дем алдыруучу аппарат 1,5 млн сомго сатып берилди.

Мындан тышкары, Хасанабад жана Тегирмеч айылына инвесторлордун көмөгү аркылуу 5,5 млн сомго ФАП курулду. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оорукананын бөлүмдөрү оңдоп-түзөөдөн өттү.

Ошол эле маалда оорукананын аймагы асфальтталып, унаа токтоочу жай курулду. Учурда өлүккана менен аллеянын курулушу жүрүүдө.

Эске салсак, өткөн жылы оорукананын балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгашкан типтүү имарат республикалык бюджеттин эсебинен 58 млн сомго курулган.

Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору аймактагы 80 миңге жакын тургунду тейлейт.