Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66 млн сомдон ашык айып пул өндүрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 14 Январь 2026 18:05
KYZMATTYBYZ_EL_QNT28V3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинде:

  • мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу;
  • автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу;
  • жол белгилерине баш ийбеген — 14 063 айдоочу.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6200 унаа убактылуу айып короого токтотулган.

Аталган мыйзам бузуулардан мамлекеттик бюджетке 66 млн 517 миң 670 сом айып пул өндүрүлгөн.