Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Бүгүн саат 02:30да Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу Баткенден түштүк-чыгышка карай 62 чакырым, Коргон айылынан түштүк-чыгышка карай 21 чакырым аралыкта жайгашкан.
Коргон айылында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.