Баткенде Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда

Аймак 30 Июнь 2025 13:35
514830277_1232.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
513898263_1232.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
514775276_1232.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
514830277_1232.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
513898263_1232.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
514775276_1232.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Баткен шаарында Кыргызстандын Юстиция министрлигинин жаңы административдик имаратынын курулушу уланууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, иш 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Долбоорго ылайык, объекттин тендердик баасы 36 миллион сомду түзөт.

Имарат эки кабаттуу, жертөлөсү менен жалпы аянты 536 чарчы метрди түзөт. Ал кызматкерлердин ыңгайлуу жана эффективдүү иштеши үчүн бардык зарыл болгон жабдуулар менен толук камсыздалат.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө объекттин курулуш иштери 70% аяктап калды.