Бишкек, 03.03.26 /Кабар/. Баткенде кылмыштуу топтордун идеологиялык таасиринин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жарандар аныкталды.
УКМКдан билдиришкендей, кармалгандар Кадыр Досоновдун (Женго) тобуна тиешеси бар болуп, опузалоо жана каракчылык аркылуу кылмыш дүйнөсүн каржылап келишкени аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын колдогон бул топ Ноокат районунун тургунуна куралдуу кол салып, оор дене жаракатын келтирүү менен 230 миң сомун тартып алышкандыгы белгилүү болду.
Ошондой эле Баткендин дагы бир тургунунун "Нексия" үлгүсүндөгү унаасын опузалап тартып алып, сатып жиберишкен. Андан түшкөн 150 миң сом абактардагы УКТ мүчөлөрүн каржылоого жумшалганы аныкталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын төрт тургуну — Ш. М. А., А. Ш. Ж., Т. М. И. жана Ж. А. Т. кармалды.
Учурда М. Ш. жана Ш. А. Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.