Баткенде тоодон түшө албай калган 3 бала куткарылды — Кабар

Баткенде тоодон түшө албай калган 3 бала куткарылды

Кырсык 21 апрель 2025 11:27
1.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Баткенде тоодон түшө албай калган 3 бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Кадамжай шаарында тоодо 12 жаштагы А.А. аттуу бала бутун кокустатып, өз алдынча түшө албай калып жардам сураган.

Аны менен чогуу 3 өспүрүм болгон. Тартылган куткаруучулар түшө албай калган 3 өспүрүмдү тоодон алып түшүрүп, ата- энелерине өткөрүп беришти.

Жерине 4 куткаруучу тартылган.