Баткенде шайлоого карата штабдык жыйын өттү

Аймак 31 Октябрь 2025 17:58
571234365_1365375121622606_5875437440532136537_n.jpg
571342498_1365376578289127_4570484614000774772_n.jpg
Алдыга
Артка
571234365_1365375121622606_5875437440532136537_n.jpg
571342498_1365376578289127_4570484614000774772_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Баткен облусунда 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата штабдык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, шайлоону өткөрүү боюнча облустук штабтын толук курамы катышты.

Жыйында шайлоону жогорку уюшкандыкта өткөрүү, шайлоо участокторунда кемчиликтерге жол бербөө жана бардык уюштуруу иштерине өзгөчө көңүл буруу маселелери каралды.

Айбек Шаменов белгилегендей, буга чейин облус аймагында үч ирет шайлоо тесттик режимде өткөрүлүп, анда айрым техникалык мүчүлүштүктөр — электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу паспорт маалыматтарын кабыл алууда көйгөйлөр байкалган.

Бул кемчиликтерди кайталоого жол бербөө максатында тиешелүү мекемелерге 30-ноябрга чейин бардык даярдык иштерин толук көзөмөлгө алып, маселелерди жоюу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл шайлоону таза, ачык жана мыйзамдын чегинде өткөрүү ар бир жетекчинин жарандык милдети экенин белгилеп, алдыдагы маанилүү саясий иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.