Баткенде шайлоого даярдык талкууланды

Аймак 04 Ноябрь 2025 17:04
576656090_1368697817957003_4629626797971964101_n.jpg
577665693_1368697764623675_2969193647274379840_n.jpg
Алдыга
Артка
576656090_1368697817957003_4629626797971964101_n.jpg
577665693_1368697764623675_2969193647274379840_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Баткенде шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча штабдын кезектеги отуруму болуп өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга Баткен облусунун башчысынын орун басары Бактыбек Токсонбаев, облустук, райондук жана шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери, катышышты.

Отурумдун жүрүшүндө облус аймагындагы 220 шайлоо участогундагы даярдык иштеринин абалы талкууланып, шайлоо күнү иштин үзгүлтүксүз жана уюшкандыкта өтүшүн камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бактыбек Токсонбаев шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү — мамлекеттик маанидеги милдет экенин белгилеп, бардык жетекчилерден жоопкерчилик менен мамиле кылууну талап кылды.

“Шайлоо участкаларындагы бардык техникалык жабдуулар толук даяр абалга келтирилиши зарыл. Бул иштер 10-ноябрга чейин толугу менен аякташы керек”, - деп белгиледи өкүлдүн орун басары.

Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жарыктандыруу, жылуулук, байланыш жана интернет тармактарын текшерүү сыяктуу маселелер боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.