Баткенде курман болгон жоокерлерге арналган эстелик ачылды

Аймак 14 сентябрь 2026 15:40
797420773_1056738593782886_8203771037873322694_n.jpg
809201591_1748906487243960_4707526957315073951_n.jpg
797339544_3046324685711381_2799083800464376017_n.jpg
809146676_1427461012592165_8423857599611612443_n.jpg
809314886_1621222829371166_126951309167567080_n.jpg
809537790_1074988868607136_8239061904281705135_n.jpg
809478331_958077250018186_3711304077661173506_n.jpg
809184689_1641635697574353_1212731219852291666_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочулардын жаркын элесине арналып Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында БТР-70 аскердик техникасы орнотулган постаменттин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус жетекчиси Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекен коргоочулардын жакындары, ардагерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Мамыржан Рахимов бул эстеликтин мааниси терең экенин белгиледи.

“Бул эстелик — жөн гана аскердик техниканын үлгүсү эмес. Бул — чек араны кайтарган жоокерлердин эрдигинин, кайратынын жана Мекенге болгон берилгендигинин символу. Мекен үчүн кызмат кылуу — чоң сыймык. Ал эми зарыл учурда Мекендин бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн курман кылуу — адамдын эң бийик эрдиги”,** — деди Мамыржан Рахимов.

Жаңы эстелик өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодо курман болгон мекенчил уулдардын эрдигин түбөлүккө даңазалап турат.

Аземдин катышуучулары курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылып, эстеликке гүлчамбарларды коюшту.

Ошондой эле каза болгондорго багышталып куран окулду.

Ал эми мекен сакчыларынын эрдигин даңазалоо менен келечек муунга татыктуу жеткирүү боюнча салым кошкон инсандарга сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара маданий программа менен улантылды.